Дагы бир айылдын эли таза суу менен камсыздалды

Дагы бир айылдын эли таза суу менен камсыздалды
25-Авг. 2018, Ишемби, 12:31

Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту айылында жайгашкан эки скважина андан аркы муниципалдык менчикке өткөрүп берүү менен мамлекеттик менчикке кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Бул чечим мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу жана Бактуу-Долоноту айылынын калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоо максатында кабыл алынган.

Бактуу-Долоноту айылынын калкынын санынын өсүүсүн эске алуу менен аталган айылындагы Ат майдандын батыш тарабында жана Дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында жайгашкан эки скважина мамлекеттик менчикке кабыл алынат.

Белгилей кетүүчү нерсе, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көрсөтүлгөн скважиналарды камсыздоо жана мындан аркы тейлөө үчүн бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Эскерте кетсек, 2004-жылы «Айылдарды суу менен камсыздоо жана санитария» долбоорун ишке ашыруунун алкагында Дүйнөлүк банк багыты боюнча Бактуу-Долоноту айылын ичүүчү таза суу менен камсыздоо долбоору ишке ашырылган.

Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча 2 460 адам таза менен камсыздалды.

Бүгүнкү күнү Бактуу-Долоноту айылында 5 084 адам жашайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!