Президент дагы бир мыйзамга кол койду

Президент дагы бир мыйзамга кол койду
25-Авг. 2018, Ишемби, 13:39

Президент Сооронбай Жээнбеков «Террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта президенттик аппараттан кабарлашты.

Мыйзамда кабыл алынган «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Натыйжада Кыргыз Республикасынын кодекстеринин жана мыйзамдарынын ченемдери «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» КРнын Мыйзамынын жаңы редакциясынын ченемдерине шайкеш келтирилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Айта кетсек, мыйзам Жогорку Кенеш тарабынан 28-июнда кабыл алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!