Ишкерлик тууралуу мыйзамга кол коюлду

Ишкерлик тууралуу мыйзамга кол коюлду
25-Авг. 2018, Ишемби, 15:19

Президент Сооронбай Жээнбеков «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта президенттик аппараттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кабыл алынган Мыйзамдын максаты авиатранспортту пайдаланууда учуулардын коопсуздугуна өбөлгө түзүүчү коопсуз практиканы жана тийиштүү жол-жоболорду сактоону камсыз кылуу менен коопсуз учууларды камсыздоо болуп саналат.

Тактап айтканда Мыйзамда текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартибин жана жол-жоболорун жөнгө салуудан төмөнкү мамлекеттик органдардын алынып салынуусу каралган:

— автомобиль жана суу транспортундагы иштерди жөнгө салуу жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды;

— жарандык авиация жаатында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Белгилей кетсек, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 27-июнда кабыл алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!