Ажылардын алгачкы тобу бүгүн келе баштайт

Ажылардын алгачкы тобу бүгүн келе баштайт
27-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 09:44

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Мекке шаарынан бүгүн, 27-августтан баштап келе башташат. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Айта кетсек, кыргызстандык ажылар Мекке шаарынын убактысы боюнча саат 21:00, ал эми Кыргызстандын убактысы боюнча түңкү саат 12:00дө Сауд Арабиясынын Жидда аэропортунан учуп келишет. Ар бир каттамда 300 ажы болуп, жалпысы 18 каттам болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!