1-сентябрга карата 27 мектеп ачылат

1-сентябрга карата 27 мектеп ачылат
27-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 10:25

2018-жылдын аягына чейин 150 социалдык объектини аяктоо пландаштырылган. Алардын 77си – билим берүү объектилери, ал эми 1-сентябрга карата 27 мектеп жана 4 бала бакча ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Быйыл капиталдык оңдоо объектилеринин тизмесине 90 объект киргизилген. Алардын 57си – билим берүү объектилери (53 мектеп, 4 бала бакча).

2018-2019-жаңы окуу жылынын башталышына карата 27 мектеп жана 4 бала бакчанын курулушун аяктоо пландаштырылган, анын ичинде өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган жана ыкчам тартиптеги тизмеге киргизилген объектилер бар.

Мындан тышкары 2018-жылдын долбоорлоо тизмесине 56 билим берүү объектиси кирген. Алардын ичинде 44 мектеп жана алардын спорт залдары, 12 бала бакча бар.

Жалпысынан быйыл 150 социалдык объектини аяктоо пландалууда, анын ичинде:

1) жалпы суммасы 4 млрд 438 млн сомдук 104 объекттин капиталдык курулушу;
2) жалпы суммасы 2 млрд 74 млн сомдук 31 объекттин капиталдык ремонту;
3) жалпы суммасы 349 млн сомдук 15 суу менен камсыздоо объектиси каралган.

Жылдын соңуна дейре төмөнкүлөрдү жыйынтыктоо пландаштырылууда:
- 1-сентябрга карата 31 объектти бүткөрүү;
- 1-октябрга карата 41 объектти ишке берүү;
- 1-ноябрга карата 26 объектти;
- 1-декабрга карата 33 объектти;
- 31-декабрга карата 19 объектти ишке берүү мерчемделген.

Белгилей кетсек, өткөн жылы 99 объектинин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери жыйынтыкталган. Анын ичинде 59 билим берүү объектиси бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!