Ири суммадагы салыкты төлөбөгөндөр аныкталды

Ири суммадагы салыкты төлөбөгөндөр аныкталды
27-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 10:45

1 миллион 543 миң 880 сом суммадагы өзгөчө ири көлөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) кабарлады.

Анда айтылгандай, түшкөн маалыматтардын негизинде ЭККМК тарабынан “Бишкек-Ош” унаа жолунун башкы дирекциясынын Жалал-Абад курулуш башкармалыгынын ишмердигине салыктык текшерүү дайындалган. Анын негизинде 2015-жылдын 1-январынан 2017-жылдын 31-декабрына чейин жалпы суммасы 1 миллион сомдон көп салыктар жана төлөмдөр эсептелип, аныкталган.
“Бишкек-Ош” унаа жолунун башкы дирекциясынын Жалал-Абад курулуш башкармалыгынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке 1 миллион 543 миң 880 сом болгон өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесинин 2-б. каралган (чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызмат адамдарынын салыктарды төлөөдөн качуусу) кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
Азыркы убакта ЭККМК аталган кылмыш иши боюнча келтирилген зыянды кайтаруу чараларын көрүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!