Президент: "Кыргыздар үчүн Алтай темасы символикалуу мааниге ээ"

Президент:
27-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 11:16

Бүгүн, 27-августта Бишкекте өтүп жаткан Алтай тектүү элдердин тарыхын жана маданиятын изилдөөчүлөрүнүн эл аралык 61-туруктуу конференциясынын ачылыш аземинде президент Сооронбай Жээнбеков Алтай мурасына, тарыхы менен маданиятына кызыгуу жогору экенин айтты.

Мамлекет башчысы конференциянын катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып, мамлекет башчысы аларга «кыргыз жергесине кош келиңиздер» деп жылуу саламдашты.

"Бүгүнкү конференциянын ишине Батыш менен Чыгыштын көрүнүктүү жана абройлуу окумуштары катышып отурасыздар. Алтай тектүү элдердин тарыхын жана маданиятын изилдөөчүлөрдүн эл аралык туруктуу конференциясы дүйнөнүн булуң-бурчунан илимпоздорду чогулткан эл аралык аянтча болуп эсептелет. Бул конференция алтымыш жыл мурда, 1957-жылы Мюнхен шаарында болуп өткөн 24-эл аралык чыгыш таануучулар конгрессинин чечими менен түзүлгөн. Ошондон бери алтай таануучулардын эл аралык конференциясы жыл сайын өтүп келиши Алтай мурасына, тарыхы менен маданиятына кызыгуунун жогору экенин билдирет", - деди Жээнбеков.

Ал Берлин университетинин түрк таануу институтунун директору Барбара Кельнер-Хайнкелеге, конференциянын өткөн жылкы төрагасы венгриялык профессор Акош Апотоцкиге жана конференцияга катышып жаткан белгилүү Алтай таануучу илимпоздорго да ыразычылык айтты.

Ошондой эле ал эл аралык конференция илимпоздор үчүн Алтай цивилизациясына таандык элдердин мурасы, тили жана маданияты жөнүндө илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын талкуулап, пикир алмашууга мүмкүнчүлүк берет. Кыргыздар үчүн Алтай темасы символикалуу мааниге ээ экенин кошумчалады.

"Улуу Манас бабабыздын Алтайда төрөлүшү эле кыргыз баласынын жүрөгүндө Алтай тууралуу өзгөчө ыйык, өзүнө тарткан, тереӊ сезимдерди жаратат", — деп айтты Президент.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Кытай АКШ менен соода сүйлөшүүлөрүнөн баш тартты
Кытай АКШ менен соода сүйлөшүүлөрүнөн баш тартты
Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө мыйзамга кол коюлду
Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө мыйзамга кол коюлду
Дастан Бекешев: Угуусу төмөндөр онлайн түрдө сүйлөшө алышат
Дастан Бекешев: Угуусу төмөндөр онлайн түрдө сүйлөшө алышат
Денеден жагымсыз жыт чыгарган тамактар
Денеден жагымсыз жыт чыгарган тамактар
Жеңилбес Джошуа Поветкинди нокаут менен жеңди.
Жеңилбес Джошуа Поветкинди нокаут менен жеңди.
Эгиздей окшош: жылдыздуу ата-энелер жана алардын балдары
Эгиздей окшош: жылдыздуу ата-энелер жана алардын балдары
​Мектептердин 67 пайызы интернетке кошулган
​Мектептердин 67 пайызы интернетке кошулган
Баланын мурдунан суу куюлуу: Аллергиябы же Вирустук оорубу
Баланын мурдунан суу куюлуу: Аллергиябы же Вирустук оорубу
Финпол: Автоунаа ташуунун көмүскө схемасы аныкталды
Финпол: Автоунаа ташуунун көмүскө схемасы аныкталды
Өзбекстан менен Казакстан биргелешип спутник курат
Өзбекстан менен Казакстан биргелешип спутник курат
Миллионердин кызы сэндвич жеп көз жумду
Миллионердин кызы сэндвич жеп көз жумду
Документ жасагыч
Документ жасагыч "ортомчулар" көп кездешүүдө (видео)
Сержант катардагы жоокердин жаагын сындырды
Сержант катардагы жоокердин жаагын сындырды
​Роналду ФИФАнын сыйлык тапшыруу аземине катышпайт
​Роналду ФИФАнын сыйлык тапшыруу аземине катышпайт
Астананын чиновниктери унаадан баш тартып, таксиге өтүштү
Астананын чиновниктери унаадан баш тартып, таксиге өтүштү
Арыктоо үчүн качан тамактануу керек?
Арыктоо үчүн качан тамактануу керек?