Албек Ибраимовдун абактагы мөөнөтү узартылды

Албек Ибраимовдун абактагы мөөнөтү узартылды
27-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 12:21

Бүгүн, 27-августта Бишкек шаарынын мурунку мэри Албек Ибраимовдун абактагы мөөнөтүн узартуу боюнча иши Биринчи Май райондук сотунда каралды. Судья Эмилбек Каипов анын камактагы мөөнөтүн 28-октябрга чейин узартуу өкүмүн чыгарды.

Буга чейин Жогорку сот 15-августта Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулунун Албек Ибраимовду 29-августка чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган.

УКМКнын маалматына таянсак, кылмышка шектүү катары кармалып жаткан Албек Ибраимов ТНК “Дастан” ААК башкармалыгынын төрагасы болуп турган учурда ТНК “Дастан” ААК коргонуу каражаттарын сатып алуу боюнча ири контрактка келишим түзүү үчүн сатуучудан сый акы катары 270 000 АКШ доллар алган.

Мындан сырткары Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси боюнча козголгон дагы бир кылмыш иши тергөлүүдө, анын алкагында “Солнечный берег” пансионаттын ААК 100 пайыз акция пакетин сатуу аркылуу ТНК “Дастан” ААК 152 млн сомдон ашык чыгым келтирилген.

Ошондой эле коррупцияга каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында Албек Ибраимов Бишкек шаарынын мэри болуп туруп өзү жана башка тараптардын материалдык кызыкчылыгы үчүн жеке жактарга жер участокторун мыйзамсыз бөлүп колдонууга бергендиги аныкталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!