Сынга кабылган “Коопсуз шаар” боюнча кайра тендер өтөт

Сынга кабылган “Коопсуз шаар” боюнча кайра тендер өтөт
27-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 12:53

23-августта “Коопсуз шаар” долбоору боюнча өткөрүлгөн онлайн-аукцион үзгүлтүккө учурагандан кийинки аукцион 4-сентябрга белгиленди. Бул тууралуу Ммамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалат.

Андагы маалыматка караганда, сынактык табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 4-сентябрга саат 15:00гө дайындалган. Сынактын документтери ошол эле бойдон калган.

Эске сала кетсек, 23-августта "Коопсуз шаар" долбоору боюнча өткөрүлгөн онлайн-аукцион техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу жараксыз деп табылган. Бул аукционга үч компания катышкан. Алардын бири "Мега-Лайн" жоопкерчилиги чектелген компания "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу үчүн 50 млрд 522 млн 311 миң сом сунуштаган. Ал эми "Кыргызтелеком" жана "Концерн Радиостроения Вега" акционердик коому долбоорду ишке ашыруу суммасын көрсөткөн эмес. Бирок, система алгач аукциондун жыйынтыгын чыгарып, 50,5 млрд. сом сунуш кылган "Мегалайн" фирмасын жеңүүчү деп таап койгон. Анткени өкмөт «Коопсуз шаар» боюнча аукциондун баштапкы жана жогорку чегин 2,5 млрд сом деп белгилеген.

Бул маселе боюнча Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбеков өткөн маалымат жыйынында онлайн-аукциондун үзгүлтүккө учураганы бул катачылык эмес экенин айткан.

Анын айтымында, аталган аукционго 3 компания катышкан. Анын экөөсү жашыруун бойдон калышты. Кийинчирээк сумма жогорулаганы белгилүү болгон. Адистердин пикиринде, бул механикалык ката болгон.

“Автоматташтырылган система “Мегалайн” компаниясынын билдирмесин өтө жогорулатылган деп тапты. Калган эки компания жашыруун бойдон калды. Система бул учурду үзгүлтүккө учуратууга аракет деп тапты”, - деди Озумбеков.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Эйнштейндин нацисттик бийликке чейин
Эйнштейндин нацисттик бийликке чейин "тунгуюктуу мезгил келатат" деген каты...
“YouTube”да бекер фильмдер пайда болду
“YouTube”да бекер фильмдер пайда болду
Кайсы белгилүү кроссовкалар ден-соолукка зыян?
Кайсы белгилүү кроссовкалар ден-соолукка зыян?
20-ноябрь:айрым райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаайт
20-ноябрь:айрым райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаайт
​Мейвезерге Хабиб менен таймашууга 150 миллион доллар сунушталды
​Мейвезерге Хабиб менен таймашууга 150 миллион доллар сунушталды
Башкалардын өтүнүчүн аткаруудан кантип баш тартыш керек?
Башкалардын өтүнүчүн аткаруудан кантип баш тартыш керек?
Мэрия
Мэрия "Тез жардам" кызматына 6 унаа тапшырды
Иммунитетиңизди алсыраткан адаттар
Иммунитетиңизди алсыраткан адаттар
Жаңы жылдык балатылар түркмөн жомокторундай жасалгаланат
Жаңы жылдык балатылар түркмөн жомокторундай жасалгаланат
Абылгазиев деңиз куралдарын өндүргөн ишканага барды
Абылгазиев деңиз куралдарын өндүргөн ишканага барды
6 адамды алып бара жаткан лифт 95-кабаттан кулады
6 адамды алып бара жаткан лифт 95-кабаттан кулады
Назира Айтбекова: “Жаман, жек көргөн адамың сенин периштең, досуң экен…”
Назира Айтбекова: “Жаман, жек көргөн адамың сенин периштең, досуң экен…”
Көздүн тегерегиндеги бырышка каршы маскалар
Көздүн тегерегиндеги бырышка каршы маскалар
Тойдо урушкан жаш жубайларды элдештирген Эрнис Бөрүбаев
Тойдо урушкан жаш жубайларды элдештирген Эрнис Бөрүбаев
Москвада кыргызстандык таксист кардарынын капчыгын кайтарып берди
Москвада кыргызстандык таксист кардарынын капчыгын кайтарып берди
Бензиндин баасына нааразылардын бирөө көз жумса, 400ү жарадар болду
Бензиндин баасына нааразылардын бирөө көз жумса, 400ү жарадар болду