28-август: абанын температурасы +32 градуска жетет

28-август: абанын температурасы +32 градуска жетет
27-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 15:08

28-августта тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Кыргызгидромет кызматынан кабарлашты.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30;

Талас аймагында түнкүсүн +6…+11, күндүз +24…+29;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32;

Баткен дубанында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32;

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн : +6…+11, күндүз +20…+25;

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +28…+30 градуска жетет.

Ал эми 29-30-августтарда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарда, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!