ДКО: дрон колдонууга тыюу салынды

ДКО: дрон колдонууга тыюу салынды
27-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 16:54

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда пилотсуз учуучу аппараттарды (коптер, дрон, авиамоделдер ж.б) учурууга тыюу салынат. Бул тууралуу III ДКОнун катчылыгы кабарлады.

Маалыматка караганда, мындай тыюу салуу меймандардын жана катышуучулардын коопсуздугу үчүн кабыл алынды.

“Аппараттарды учурууга тыюу салуу ДКО сыяктуу масштабдуу иш-чаранын конокторунун жана катышуучуларынын коопсуздугун жогорку деңгээлде камсыздоо максатында киргизилди. Пилотсуз учуучу аппараттарды 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин Кырчын капчыгайында жана ат майданында колдонууга болбойт. Бардык жалпыга маалымдоо каражаттарын бул маалыматты эске алуусун суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Кырчын жайлоосунда жана ат майданда уруксаатсыз колдонулган учуучу аппараттар эскертүүсүз атып түшүрүлөт.

Эскерте кетсек, Кырчын жайлоосу менен ат майданда учуучу аппараттарды болгону ДКОнун катчылыгы гана колдоно алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!