Мамбеталиева: Тазаланалы, кесипкөй адамдар келсин (видео)

Мамбеталиева: Тазаланалы, кесипкөй адамдар келсин (видео)
27-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 18:00

Мамэкотехинспекциясынын маалымат катчысы Анара Мамбеталиева өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, мекеменин ичиндеги коррупциялык иштер боюнча ачык айта баштаганда ага карата коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын билдирген эле. Өзү менен байланышканыбызда төмөнкүлөрдү айтып берди.

Жаңы жетекчи келгенде биздин ичибизде коррупция менен алектенип иштеп жүргөн таза эмес адамдардын аты-жөнүн ачык айтып,“Ушу кишилерге чара көрүңүздөр, президенттин жарлыгын колдойлу, биз мыйзамга каршы иштеп жатабыз, өзүбүздөн баштабайлыбы?”, - деп, акция өткөрдүм. Бул митинг эмес “тазаланалы” деген чакырык. Плакатка жазып алып, “Тазаланалы, кесипкөй адамдар келсин, кадр жагынан аксап атабыз, ишибиз солгундап кетти” деген чакырык жасасам, жетекчилик коррупциялык иштерге катыштыгы бар инспекторлорго чара көрүүгө cөз берип, ичара беш адамдан турган комиссия түзүп, мени да сурап жакшы эле иликтеп келаткан. Негизи комиссия жыйынтыкты 27-июлда чыгарып чечимди бермек. Бирок, эмнегедир комиссия бир топко чейин созуп туруп алды. Августтун башында комиссиянын жыйынтыгын сурап баштадым. Мен жалгыз эмесмин, мага окшоп берене менен кеткен инспекторлор бар эле. Биз чогуу келатканбыз, бирок, мен ачыкка чыккандан кийин баары "Бизди кошпой эле кой, эртең бизди дагы опузалайт", - деп суранышты. Ошондуктан мен ал адамдардын атын атабай жатам. 15-август күнү мени берене менен жумуштан кетириптир. Беренени эмгек кодексинен карап чыксам, ал жерде мамлекеттик кызматка кайтып келүү мүмкүн болбогондой берене экен. Жакында эле “майор” наамын, мамлекеттин III- даражадагы кеңешчиси чинин алгам. Мен бул жакта өзүмдү бешке окуган окуучудай сезчимүн. Мен тийиштүү жетекчилерге киргенде олуттуу жооп ала алган жокмун.


Анара Мамбеталиева расмий түрдө берененин негизинде кызматтан кеткендиги тууралуу эч ким тааныштырбагандыгын айтып, колуна буйрук тийсе тиешелүү органдарга кайрылууга даяр экендигин кошумчалады. Ал ошондой эле инспекциядагы кызматтык унааны, жабдыктарды, архивдик документтерди да өткөрүп бере электигин жана эч ким сурабагандыгын айта кетти.

Аталган инспекция менен байланышканыбызда инспекция өкүлү учурда Коопсуздук кеңешинин кызматкерлери жана Башкы прокуратура текшерип жаткандыгына байланыштуу азырынча толук маалымат бере албай тургандыгын билдирди.

Маалымат катары айта кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалымат катчысы айтып чыккан коррупциялык иштерди иликтеп чыгууну Коопсуздук кеңешине тапшырганын өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине билдирген эле.

Анара Мамбеталиева коррупциялык иштерге шектүү экотехинспекциянын үч кызматкеринин атын атаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!