Ийгилик жараткан спортчулар акчалай канча сыйлык алат?

Ийгилик жараткан спортчулар акчалай канча сыйлык алат?
27-Авг. 2018, Дүйшөмбү, 18:05

Жайкы Азия оюндарында ийгилик жараткан спортчулар ири көлөмдөгү акчалай сыйлыкка ээ болушат. Бул тууралуу бүгүн, 27-августта Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта спорт агенттиги Азия оюндарында ийгилик жараткан спортчуларга сыйлык берүү боюнча долбоор даярдап, аны өкмөткө өткөрүп берген. Бул долбоор бардык министрликтин макулдугунан өткөн. Учурда өкмөттүн кароосунда. Андан сырткары ийгилик жараткан спортчулардын машыктыруучуларына дагы акчалай сыйлык тапшырылат. Ошондой эле ийгилик жараткан спортчулар үчүн берилип келген стипендиянын көлөмүн жогорулатуу боюнча долбоор даярдалган. Бул долбоор бардык министрликтин кароосунан өткөн. Ага ылайык Азия оюндарында 1-орунду алган спортчулар буга чейин 45 миң сом стипендия алса, эми аны 75 миң сомго чейин көтөрүлөт.

Ийгилик жараткан спортчулар үчүн берилүүчү акчалай сыйлык:

1-орунду ээлеген спортчулар: 1 миллион 250 миң сом;

2-орунду ээлеген спортчулар: 750 миң сом;

3-орунду ээлеген спортчулар: 500 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болушат.

Андан тышкары ийгилик жараткан спортчулардын машыктыруучуларына дагы акчалай сыйлык тапшырылат. Анда

1-орунду ээлеген спортчунун жеке жана башкы машыктыруучулары — 312 миң 500 сом;

2-орунду ээлеген спортчулардын машыктыруучулары — 187 миң 500 сом;

3-орунду ээлеген спортчунун машыктыруучулары 125 миң сом сыйлык алат.

Белгилей кетсек, кыргыз спортчулары Индонезияда өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында 16 медаль утуп алышкан. Анын экөө алтын, беши күмүш жана тогузу коло медалдар.

Учурда Индонезиянын Жакарта жана Палембанг шаарларында XVIII жайкы Азия оюндары уланууда. Кыргызстандан 100 спортчу, 26 спорттун түрү боюнча өз күчтөрүн сынашууда. Жалпысынан Азия оюндарында 45 өлкөнүн спортчулары 481 комплект медал үчүн ат салышууда. Индонезиянын эки шаарында Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин өтөт.

Ийгилик жараткан спортчулар:

Алтын медалдардын ээлери:

Төрөкан Багынбай уулу (жиу-житсу),

Дарья Маслова (жеңил атлетика).

Күмүш медалдардын ээлери:

Магомед Мусаев (эркин күрөш),

Айсулуу Тыныбекова (эркин күрөш),

Каныбек Жолчубеков (грек-рим күрөшү),

Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү),

Нурсултан Алымкулов (жиу-житсу).

Коло медалдардын ээлери:

Айпери Медет кызы (эркин күрөш),

Мээрим Жуманазарова (эркин күрөш),

Амантур Исмаилов (грек-рим күрөшү),

Үзүр Жусупбеков (грек-рим күрөшү),

Иззат Артыков (оор атлетика),

Абдурахман Муртазалиев (жиу-житсу),

Муртазали Муртазалиев (жиу-житсу),

Жолдошбек Акимканов (пенчак силат)

Данияр Токуров (пенчак силат).


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!