Гүлбү Орозкул кызынын ысымы көчөгө ыйгарылды

Гүлбү Орозкул кызынын ысымы көчөгө ыйгарылды
28-Авг. 2018, Шейшемби, 09:32

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүндөгү борбордук көчөлөрдүн бирине белгилүү эстрада ырчысы Гүлбү Орозкул кызынын ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Гүлбү Орозкул кызы атындагы көчөгө түнкү жарык орнотулуп, жолго шагыл төгүлүп тегизделди.

«Учурда көчөгө ырчынын аты жазылган тактайчаларды илүү иштери улантылып жатат», - деп билдиришти айыл өкмөттөн.

Айта кетсек, Гүлбү Орозкул кызы Аксынын Авлетим айылында төрөлгөн. Ал 2017-жылдын 6-октябрында 40 жашында дүйнө салган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!