​Жаза аткаруу мекемелеринин эрежелери бекитилди

​Жаза аткаруу мекемелеринин эрежелери бекитилди
28-Авг. 2018, Шейшемби, 10:31

Жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин Эрежелери бекитилди. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим жаңы редакциядагы Жазык-аткаруу кодексин, ошондой эле «Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө» Мыйзамдын 39-беренесин ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Белгилей кетүүчү жагдай, Жазык-аткаруу кодексинин 81-беренесинде белгиленгендей, жазык-аткаруу мекемелеринде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин Эрежелери иштейт.

Бекитилген жазык-аткаруу тутумунун түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин Эрежелери Жазык-аткаруу кодексинин 74, 75, 76, 78, 79, 81, 82, 89, 90, 92, 118, 163-беренелеринде орун алган жазык-аткаруу мүнөзүндөгү жаңы киргизүүлөрдү эске алуу менен иштелип чыккан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!