“Брид” боюнча материалдарды УКМК кароодо

“Брид” боюнча материалдарды УКМК кароодо
28-Авг. 2018, Шейшемби, 11:08

“Брид” канаттуулар фабрикасы боюнча материалдарды Башкы прокуратура карап чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Улуттук коопсуздук боюнча комитеттен билдиришти.

Маалымат боюнча, учурда тийиштүү материалдар УКМКнын башкы тергөө башкармалыгында турат.

Эске салсак, 27-августта маалымат жыйынында "Брид" компаниясынын өнөктөштөрү жана жактоочусу Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов жана жардамчысы Эркин Асрандиев компанияга караштуу канаттуулар фабрикасын мыйзамсыз тартып алганын айтып чыккан.

Бул маселе боюнча Эркин Асрандиев айыптап жаткан тараптын бардык пикирин атайын документтердин негизинде жокко чыгара ала турганын айткан.

Анын айтымында, "Брид" компаниясы Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунан насыя алууда канаттуулар фабрикасын 2 миллион 700 миң долларга күрөөгө койгон. 2016-жылдын аягында негизги суммасын төлөө мөөнөтү келгенде компания акчаны төлөй албай калган. Мындан улам фабрика фонддун кызматкерлер тарабынан текшерүүгө алынып, аталган компаниянын ээси Владимир Хегайдын макулдугу менен ишкананы карыз болгон 2 миллион 800 миң долларга баалап, мыйзам чегинде нотариалдык жактан тастыкталып, мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, фонддун карамагына мыйзам чегинде ыйгарылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!