Окуучуларга жаңы китептер ижарага берилет

Окуучуларга жаңы китептер ижарага берилет
28-Авг. 2018, Шейшемби, 11:30

2018-2019-окуу жылында мектеп окуучуларынан китептер үчүн ижара акысын алууну акырындык менен баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

“5-6-класстар үчүн жаңы китептерге ижара акысы 25 сомдон алынат. Кийинки жылы 7-9-класстар үчүн жаңы окуу китептерин басып чыгарууну пландап жатабыз”,- деп билдиришти министрликтен.

Айта кетсек, жыл сайын окуу китептерин чыгаруу үчүн министрликке 600 миллион сомго жакын каражат керектелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!