Курсан Асанов менен Али Можтаба Рузбехани жолугушту

Курсан Асанов менен Али Можтаба Рузбехани жолугушту
28-Авг. 2018, Шейшемби, 11:38

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Можтаба Рузбехани менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстан менен Иран Ислам республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы коопсуздук жана тартип жаатында кызматташуу долбооруна кол коюу маселесин талкуулашкан.

ИИМдин башчысынын орун басары Курсан Асанов конокторго кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирип, келечекте өз ара алакалардын бекемделишине ишеним артты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!