Японияда кыргыз кино жумалыгы өтөт

Японияда кыргыз кино жумалыгы өтөт
28-Авг. 2018, Шейшемби, 11:46

2-3-сентябрь күндөрү Япониянын Токио шаарында кыргыз киносунун жумалыгы өтүп, анын алкагында “Ишенимдин 600 күнү” даректүү тасмасынын бет ачары болот.

“Ишенимдин 600 күнү” тасмасынын авторлору белгилегендей, аталган фильмди тартуу үчүн алар көп убакыт коротушкан, тасма 2013-жылдан бери тартылып баштаган, бирок бардык кыйынчылыктарга карабастан тасма беш жылдын ичинде тартылып бүткөн.

Айта кетсек, бул тасма согуштан кийинки 1946-1948-жылдары болгон окуянын негизинде тартылган. Анын продюсери – “MEDIA LAB” компаниясынын негиздөөчүсү Арстанбек Саргалдаев.

.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!