Бишкектин мурдагы вице-мэри үй камагына чыгарылды

Бишкектин мурдагы вице-мэри үй камагына чыгарылды
28-Авг. 2018, Шейшемби, 12:11

Кечээ, 27-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту борбор калаанын мурунку биринчи вице-мэри Ренат Макеновду үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты.

Эске салсак, Бишкектин мурунку биринчи вице-мэри Ренат Макенов “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “коррупция” боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Ал Бишкек шаардык мэриясынын кызматтык адамдары менен чогуу Кыргызстандын жер мыйзамдарын бузуп, Бишкектин №12 кичи районундагы 3,5 гектар жерди жеке колдорго мыйзамсыз берип жиберген деп шек саналууда. Бул кылмыш ишине байланыштуу мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов да коррупцияга шектелип камакка алынган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, 2014-жылы Муниципалдык менчик башкармалыгы эки жаранга 12-кичирайондон 3,38 гектар жерди бир жылдык колдонууга берген.

Аталган аянт коомдук колдонуудагы жер экенине карабай, Муниципалдык менчик башкармалыгы 2015-жылы «Бишкек башкы архитектурасына» анын функционалдык багытын карап берүүнү суранган. Андан ары жерди курулушка берүү чечими чыгарылып, ал жакка соода борбору курулмай болот. 2017-жылы жерди төрт тилкеге бөлүп сатып жиберишкен. Ал кезде башкармалыкты Макенов жетектеп турган.

Учурда тергөө уланууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!