Чүйдө айдоочу эне-баланы сүзүп кетти

Чүйдө айдоочу эне-баланы сүзүп кетти
28-Авг. 2018, Шейшемби, 14:01

Чүй облусунда айдоочу эне-баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы Чүйдүн Лебединовка айылында 26-августан 27-августка караган түнү болгон. Hyundai үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдон өтүп бара жаткан аялды баласы менен кошо сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен улам аял окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми маркумдун үч жаштагы баласы балдар ооруканасына жеткирилген.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Айрым маалымат булактарында жол кырсыгына кабылган айдоочу “Кант” авиабазасынын аскер кызматкери экени айтылууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!