Айдоочу унаасын башкара албай жолдон чыгып кетти

Айдоочу унаасын башкара албай жолдон чыгып кетти
28-Авг. 2018, Шейшемби, 14:19

Ысык-Көл облусунда 11 жаштагы баласы менен кетип бара жаткан айдоочу жол кырсыгына кабалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Ысык-Көл облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-августта Каракол шаарынан алыс эмес жерде жол кырсыгы катталган. Анда 58 жаштагы адам өзүнүн 11 жаштагы уулу менен “Тойота” үлгүсүндөгү унаада кетип бара жатып, унаасын башкара албай жолдон чыгып кеткен. Ал оодарылып, айдоочу жана жүргүнчү ооруканага жеткирилген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!