Унаа салыгын төкпөгөндөргө айып салынат

Унаа салыгын төкпөгөндөргө айып салынат
28-Авг. 2018, Шейшемби, 14:34

Кыргызстандын салык органдарында унаа каражаттары, турак-жай жана жер салыгын төлөө үчүн жарандарды тейлөө боюнча кезметчилик уюштурулган. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта мекеменин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Кезметчилик жогоруда аталган салыктарды төлөө мөөнөтү аяктаганга чейин, анын ичинде майрам жана дем алыш күндөрү эртең мененки саат 9дан кечки саат 10го чейин уюштурулат.

Салыктарды айрым банктык мекемелердин кассаларында, төлөм терминалдары, мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу төлөөгө болот.

Айта кетсек, 1-сентябрга чейин транспорт каражаттарына салыкты, 2-сентябрга чейин-турак үй, батир жана жер төлөө зарыл.

Салыкты өз убагында төлөбөгөңдүгү үчүн 2 миң сом өлчөмүндө административдик айып каралган. Мындан тышкары, салык төлөмдөрүнүн мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн туум эсептелет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!