Бишкектеги “Айчүрөк” соода борборунун имаратында эркек киши эс-учун жоготуп, каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган соода борбордун жер төлөсүндө болжолдуу түрдө 40 жаштагы эркек киши эсине келбей каза болгон. Учурда маркумдун өздүгү такталууда.