Бишкек ЖЭБин видео көзөмөлгө алуу үчүн тендер жарыялады

Бишкек ЖЭБин видео көзөмөлгө алуу үчүн тендер жарыялады
28-Авг. 2018, Шейшемби, 17:49

"Электр станциялары" мамлекеттик ишканасы Бишкек жылуулук электр борборуна видео көзөмөл орнотуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта "Электр станцияларынын" басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, камералар "Cтратегиялык объект болуп саналган ЖЭБдеги негизги жабыдыктарды көзөмөлдөө үчүн алынат. Атап айтканда, видео көзөмөл системасына ЖЭБдин бардык аймагын камтыган 55 камера жана технологиялык системасын караган 155 камера кирет. Ошондой эле анын курамында тартылган материалдар сакталчу видео архив да болот.

Ал эми мамлекеттик сатып алуулар порталына Бишкек жылуулук электр борборуна 24 млн 640 миң сомго видео көзөмөл сатып алуу үчүн тендер жарыяланган.

Белгилей кетсек, 26-январда Бишкек ЖЭБинде суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, шаардыктар катуу ызгаарда бир жума бою жылуулуксуз калган. Үйлөрдө температура 11-16 градустун тегерегинде болуп, баш калаанын тургундарын катуу нааразы кылган. Орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкектин тургундары жылуулук үчүн жалпы 7 күнгө акы төлөбөй тургандыгын «Улуттук энергохолдинг» компаниясынан билдиришкен. Ошондой эле Башкы прокуратура ТЭЦдеги авария боюнча «шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ЖЭБдин башчысы Нурлан Өмүркул уулу кызматынан кеткен.

Андан тышкары Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев жана «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов дагы камакка алынган.

Кийин Бишкектин Жылуулук электр борборундагы кырсыктын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллардын чоо-жайын иликөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов корутундуну тааныштырып, комиссиянын ишине сырттан кысым көрсөтүп, кийгилишкендер болгон жок деп кабарлап, ал Бишкек ЖЭБдеги авариянын болушу менен өлкөдөгү энергетика тармагындагы абал менен коррупциялык көрүнүштөр ачыкка чыгып жана бул багытта маселе бар экенин тастыктагандыгын айткан.

“ЖЭБдеги ишке тиешелүү мурдагы чиновниктер, экс-депутаттар чакыртылып, маалымат берди. ЖЭБге байланыштуу каражаттар натыйжалуу пайдаланылган эмес. ЖЭБде модернизациялык иш болгон эмес. Авариянын келүүсүнө техникалардын эскириши, кышка даярдык талапка ылайык жүргүзүлбөгөнү себеп болгон. Кышка жакшы даярдык көрүлгөндө ЖЭБдеги аварияны алдын алса болмок. Анын суукка даярдыгы жок экенин көрсөттү. ЖЭБге 2017-жылы 417 миллион сом, 2016-жылы 477 миллион сом каражат бөлүнгөн. Бирок бул каражаттар кайда, кимдин чөнтөгүнө кеткен деген суроо жаралат”, - деген Примов.

Ошондой эле Примов ошол кездеги өкмөт башчы жана анын мүчөлөрү Кытайдын ТВЕА компаниясы менен түзүлгөн келишимде Кыргызстандын кызыкчылыгы толук эске алынбаганын айткан болчу.

Ал эми Бишкек жылуулук борборундагы модернизация учурунда сатып алынган он төрт жарым миң доллар наркындагы видеокамералар элдин көңүлүн бурган.

Бул боюна Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев ЖЭБдеги "14 миң 500 долларга алынган" делген камералар 300 доллардан алынганын айткан.

ЖЭБдеги камералар боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү Акылбек Жамангулов: "Камералар боюнча бизге чыгым сметасы берилди, аны караганда 1 млн 800 миң доллар камерага сарпталыптыр. Мен комиссия жыйынында суроо берсем, "Электр станциялары" ишканасынын жетекчиси жооп бере албай койду. Жалпы эсеп боюнча 128 камера коюлууга тийиш болчу. Аны камераларга бөлө келгенде ар биринин баасы 14500 доллардан чыгып жатат. ЖЭБге 123 камера коюлуптур. Анын ичинде мештин ичине төрт камера коюлуптур, дагы төрт камера көмүр менен мазутту майдалаган барабанда экен. Ошондо 123 камеранын ичинен сегиз камера атайын камера деп эсептесек болот. Мейли эми буга он төрт миң эмес, жыйырма миңден да жумшалсын. Ал эми калганы биз кадимки эле тиричиликте, өндүрүштүк жайларда, кафелерде колдонуп жаткан камералар",- деген эле.

ЖЭБ окуясына байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын чыгарган корутундусуна Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан саясий баа берилген. Андан сырткары жоопкерчилигин карап көрө турган 30дай кишинин аттары жазылып, ал Башкы прокуратурага жана башка күч түзүмдөрүнө берилген. Анын негизинде ЖЭБ модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча УКМК тергеп жаткан кылмыш ишинин алкагында тизмеге киргизилген атка минерлердин айрымдары камакка алынган.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Хабиб – Конор мелдешинин калысы канча алат?
Хабиб – Конор мелдешинин калысы канча алат?
Эксперттер эң мыкты үй-бүлөлүк унаалардын тизмегин түзүштү
Эксперттер эң мыкты үй-бүлөлүк унаалардын тизмегин түзүштү
Бактыбаев:
Бактыбаев:"Биздин өлкөдө адамды адам сатууга тыюу салынган"
Бишкекке жаңы 52 троллейбус алынып келинди (видео)
Бишкекке жаңы 52 троллейбус алынып келинди (видео)
Көз жумган кызга iPhone түрүндө эстелик коюлду
Көз жумган кызга iPhone түрүндө эстелик коюлду
Футболчулар калысты сабашты (видео)
Футболчулар калысты сабашты (видео)
27-сентябрь:Тоолуу аймактарда жаан жаашы мүмкүн
27-сентябрь:Тоолуу аймактарда жаан жаашы мүмкүн
“Игра престолов” тартылган жерлер туристтик аймакка айланат
“Игра престолов” тартылган жерлер туристтик аймакка айланат
Ырчы Каныкей кыздуу болду (фото)
Ырчы Каныкей кыздуу болду (фото)
Ибраимов ​“Кыргызстан улуу акындардын жана жазуучулардын мекени”
Ибраимов ​“Кыргызстан улуу акындардын жана жазуучулардын мекени”
Жогорку Кеңеште өлкөнүн акыйкатчысын шайлоо жараяны жүрүүдө
Жогорку Кеңеште өлкөнүн акыйкатчысын шайлоо жараяны жүрүүдө
Хизб-ут-Тахрир уюмунун мүчөсүнө кылмыш иши козголду
Хизб-ут-Тахрир уюмунун мүчөсүнө кылмыш иши козголду
ЕАЭБ талаптарына туура келбеген күйүүчү май КРга киргизилбейт
ЕАЭБ талаптарына туура келбеген күйүүчү май КРга киргизилбейт
Чолпон Талипбекова пластикалык операция жасаттыбы?
Чолпон Талипбекова пластикалык операция жасаттыбы?
18 млн сомго жакын бюджеттик каражатты ыйгарып алгандар аныкталды
18 млн сомго жакын бюджеттик каражатты ыйгарып алгандар аныкталды
Трамп БУУда эмнелерди айтты?
Трамп БУУда эмнелерди айтты?