Өкмөт башчы: "Экономикада көрсөткүчтөрдүн өсүүсү камсыздалды"

Өкмөт башчы:
29-Авг. 2018, Шаршемби, 10:04

Акыркы 7 айдын ичинде республикалык бюджеттин салыктык киреше бөлүгү 57,2 млрд сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Өкмөттүн жыйында 2018-жылга Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүн аткаруунун жүрүшү жөнүндө маселе каралды.

Өкмөт башчы билдиргендей, 7 айдын жыйынтыгы менен республикалык бюджеттин салыктык киреше бөлүгү 57,2 млрд сомду түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 8,6 млн сомго көп чогулду.

«Мунун натыйжасында биз социалдык төлөмдөрдү өз убагында каржылай алдык. Капиталдык салымдар 2,9 млрд сомго көбөйүп, жалпысынан 5,6 млрд сомду түздү. Учурда 494 объектте курулуш иштери жүрүп жатат, алардын 150сү социалдык жана билим берүү мекемелери болуп саналат. Бүгүнкү күндө республика боюнча 19 объект бүттү. 1-сентябрга чейин дагы 35 объект ишке берилет», – деп баса белгиледи Премьер-министр.

Ал ошондой эле белгилегендей, экономиканын дээрлик бардык тармактарында көрсөткүчтөрдүн өсүүсү камсыздалды.

«Башкы өнөктөш өлкөлөр менен болгон соода-экономикалык мамилелер жакшырууда. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү 4,7%ды түздү. Экспорттун көлөмү 5,5 пайызга өсүп, же 35,5 млн АКШ долларына көп болду. ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине ата мекендик товарларды экспорттоочу 49 ишкана киргизилди. Буга Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун Казакстанга, Өзбекстанга, Россияга жана башка мамлекеттерге болгон расмий сапарлары, андагы болгон сүйлөшүүлөр, келишимдер таасирин тийгизди», – деп ырастады Абылгазиев.

Өкмөттүн социалдык чөйрөдөгү ишмердигине тийиштүү премьер-министр белгилегендей, мамлекет өзүнүн милдеттерин өз убагында аткарып келе жатат.

«Бюджеттин корголгон беренелери боюнча 50,7 млрд сомго каржыланды. 2018-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу боюнча каражат бюджетке салынды. Ошондой эле 2018-жылдын 1-октябрынан тартып медицина кызматкерлеринин айрым категориясынын эмгек акысы жогорулатылат», – деди Өкмөт башчы жана республиканын бардык мектептерин интернет менен камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгы жөнүндө маалымдады.

Анын айтымында, жыл аягына чейин калган 693 мектепти глобалдык түйүнгө кошуу кажет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!