Эгемендик майрамга Отунбаева менен Атамбаев чакырылды

Эгемендик майрамга Отунбаева менен Атамбаев чакырылды
29-Авг. 2018, Шаршемби, 12:49

31-августта президент Сооронбай Жээнбеков борбордук «Ала-Тоо» аянтында өтө турган Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышат. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта президенттик аппараттан кабарлашты.

Мамлекет башчысы Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына байланыштуу куттуктоо сөз сүйлөйт.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, эл өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылат.

Ошондой эле иш чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана тылдын эмгекчилери, эмгек баатырлары, Олимпиада оюндарынын медаль ээлери, парламенттин, өкмөттүн, сот бийлигинин мурдагы жетекчилери, өлкөнүн мамлекеттик жана коомдук белгилүү ишмерлери катышмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!