Шавкат Мирзиёев ​Кыргызстанга келет

Шавкат Мирзиёев ​Кыргызстанга келет
29-Авг. 2018, Шаршемби, 13:55

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга жумушчу сапары менен келет. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымына караганда, 3-cентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтө турган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын Саммитине Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев катышат.

"Мамлекет башчысынын III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуусу боюнча маселес каралап жатат. Ал эми ДКОго келе турган өзбек делегациясын дене тарбия жана спорт министри баштап келет келүүсү күтүлүүдө. Бардыгы болуп Өзбекстандан 60 жакын спортчу жана этнофестивалга "Уйчи тонги" фольклордук тобу келиши күтүлүүдө",- дейт Рашидов.

Эскерте кетсек, буга чейин Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине Азербайжандын, Казакстандын, Түркиянын, Өзбекстандын мамлекет башчылары, ошондой эле Венгриянын Премьер-министри катышаары айтылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды