​Кыргыз-өзбек чек арасынын 15 пайызга жакыны тактала элек

​Кыргыз-өзбек чек арасынын 15 пайызга жакыны тактала элек
29-Авг. 2018, Шаршемби, 14:37

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда макулдашылбаган 15 пайызга жакын мамлекеттик чек ара тилкеси калды. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы кыргыз-өзбек президенттеринин эл аралык аянтчалардагы интенсивдүү саясий диалогу уланууда. Анын ичинде Шанхай кызматташтык уюму, Аралды куткаруу эл аралык фонду, Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн башчыларынын Астана консультативдик жолугушуусу бар.

Элчи жалпысынан кыргыз-өзбек өз ара колдоосу көп багыттарда кеңейип жатканын белгиледи.

Андан тышкары элчи эки өлкөнүн ортосундагы чек ара боюнча 28 өкмөттүн отуруму өткөнүн баса белгиледи.

“Келишимдин макулдашылган алкагына чыгуу жана акылга сыярлык чечимдерди кабыл алуу үчүн интенсивдүү жана конструктивдүү диалог жүрүүдө”, - дейт Рашидов.

Ал Өзбекстанда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси кеңири майрамдалып, жазуучунун чыгармаларынын негизинде республиканын театрларында спектаклдер коюлуп, эки өлкөнүн кинематографисттери тасма тартып жатышканына да токтоло кетти.

"Ошондой эле "Айтматов жана Өзбекстан" деп аталган борбор бар, анын ысымы Ташкент шаарындагы көчөлөрдүн бирине ыйгарылды",- деп кошумчалады ал.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!