Ырчы Абай Сериков экинчи орунду ээледи

Ырчы Абай Сериков экинчи орунду ээледи
29-Авг. 2018, Шаршемби, 14:53

Грузиянын Батуми шаарында өтүп жаткан Discover Silk Road Star (“Улуу Жибек Жолунун жылдызын табуу”) аттуу фестивалда кыргызстандык ырчы Абай Сериков экинчи орунга ээ болду. Бул тууралуу теле алып баруучу Айзада Жамгырчиева өзүнүн Инстаграм социалдык баракчасына жарыялады.

“Жибек Жолунун боюнда жайгашкан Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Украина, Польша, Румыния, Түркия, Россия сыяктуу мамлекеттерден келген жаш ырчылар өз өлкөсүнөн барган белгилүү музыканттар менен сахнага чыгышты”,-деп жазды Жамгырчиева.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!