Мүмкүнчүлүгү чектелген жумушка орноштурулушу шарт

Мүмкүнчүлүгү чектелген жумушка орноштурулушу шарт
29-Авг. 2018, Шаршемби, 16:51

Мүмкүнчүлүгү чектелген жактар өлкөнүн учурдагы мыйзамдарына жараша мамлекеттик органдарга жумушка орноштурулушу шарт. Бул тууралуу бүгүн, 29-августта өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындай тапшырманы өкмөттүн жыйынында премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев берген.

Өкмөт башчы белгилегендей, Өкмөттүн милдети мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарын турмуш абалын жакшыртуу үчүн тийиштүү шарттарды түзүү болуп саналат.
Мыйзамга ылайык, жумуш берүүчүлөр бекитилген 5 пайыздык квотаны эске алуу менен мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды эмгекке орноштуруу үчүн жумушчу орундарды түзүүгө милдеттүү.

«Бирок биз көрүп тургандай, аталган ченем иш жүзүндө кагаз түрүндө калып, толугу менен аткарылбай келүүдө. Буга байланыштуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен биргеликте мыйзамдын аталган ченеминин аткарылышына карата тийиштүү текшерүү өткөрүүсү кажет», – деп белгиледи Абылгазиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!