Кожобек Рыспаев КСДП партиясынан чыгарылды

Кожобек Рыспаев КСДП партиясынан чыгарылды
30-Авг. 2018, Бейшемби, 11:51

Кечээ, 29-августта Социал демократтар партиясынын саясий кеңешинин жыйыны өтүп, анда айрым партия мүчөлөрүнүн партбилеттерин алмаштыруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу партиянын маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, партиянын уставынын негизинде 1-ноябрдан 30-апрелге чейин партия билеттери алмашылат. Ошондой эле саясий кеңештин чечими менен Кожобек Рыспаевдин партиядагы мүчөлүгү токтотулат. Буга анын партиянын максатына каршы иш-аракеттери себеп болгон. Муну менен бирге парламенттеги КСДП фракциясына аталган депутаттын мандатын чакыртып алуу сунушталды.

Мындан тышкары, 2019-жылдын 1-январынан тарта партия мүчөлөрү жылына 200 сомдон мүчөлүк акы төлөө чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Рыспаев Жогорку Кеңештин депутаты жана отун-энергетикалык комплекс жана кен пайдалануу боюнча комитетин жетектейт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!