Түрк кеңешинин 2019-жылдагы саммити Азербайжанда өтөт

Түрк кеңешинин 2019-жылдагы саммити Азербайжанда өтөт
4-Сен. 2018, Шейшемби, 09:47

Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин 2019-жылдагы саммити Азербайжанда өтөт. Бул тууралуу кечээ, 3-сентябрда кеңешке жаңы баш катчы болуп бекиталген Казакстандын өкүлү Багдат Амреев билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстан жакын арада толук кандуу мүчө болот. Ал эми Венгрияга байкоочу макамы берилет.

Белгилей кетсек, 3-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы «Рух ордо» комплексинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 6-саммити өттү. Саммитке Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган катышты.

Андан тышкары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан саммитке ардактуу конок катары катышты.

Ал эми саммитте кеңештин мурдагы баш катчысы Рамил Гасан кызматын тапшырып, ордуна 59 жаштагы Багдат Амреев бекитилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!