Жогорку Кеңештин депутаттары ишин баштайт

Жогорку Кеңештин депутаттары ишин баштайт
4-Сен. 2018, Шейшемби, 10:08

Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектин депутаттары ишин башташат. Бул тууралуу парламенттик аппараттан билдиришти.

«Регламент тууралуу» мыйзамдын негизинде депутаттардын жайкы эс алуусу сентябрдын биринчи жумуш күнүндө аяктайт. Бирок, III дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы 2-сентябрга туш келгендиктен, дүйшөмбү эс алуу күнү деп жарыяланган. Ошондуктан, иш күнү 4-сентябрда баштала турган болгон.

Кийинки кезектеги пленардык отурум 5-сентябрда же 12-сентябрда болоору добуш берүү аркылуу чечилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!