Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы өз ишин баштады

Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы өз ишин баштады
4-Сен. 2018, Шейшемби, 10:41

Бүгүн, 4-сентябрда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачык деп жарыяланып, ачылыш аземде Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын башталышы менен кесиптештерин куттуктап, иштерине ийгилик каалады.

"Кыргыз мамлекетинин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы болду. Ийгиликтүү өтсүн", - дейт Жумабеков.

Ошону менен катар 4-5-сентябрь күндөрүндө “Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 44-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин жыйындары боло тургандыгын маалымдады.

Белгилей кетсек, КР Конституциясынын 77-беренесине жана “Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 34-беренесине ылайык, парламенттин сессиясы сентябрь айынын биринчи жумушчу күнүнөн башталып, кийинки жылдын июнь айынын акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!