Үй камагындагы депутат ишке чыкты

Үй камагындагы депутат ишке чыкты
4-Сен. 2018, Шейшемби, 11:51

Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги бешинчи сессиясынын ачылыш аземине "бийликти басып алуу" беренеси боюнча айыпталып жаткан депутат Канат Исаев катышты.

Канат Исаевге Башкы прокуратура тарабынан 2017-жылдын 30-сентябрь күнү "кылмышка даярдануу", "массалык башаламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондой эле Исаевге "2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турган учурда муниципалдык жер тилкесин жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген" деген УКМКнын Тергөө башкармалыгы тарабынан айып тагылып, 303-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаардык соту Исаевге карата "коррупция" беренеси боюнча козголгон кылмыш иштин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ишти кыскарткан. Ал эми "бийликти басып алуу" беренеси боюнча иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөн. Ошондой эле 18-июлда шаардык соттун чечими менен ал үй камагына чыгарылган.

Айта кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясынын башталышы менен кесиптештерин куттуктап, иштерине ийгилик каалады.

Ошону менен катар 4-5-сентябрь күндөрүндө “Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө” мыйзамдын 44-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин жыйындары боло тургандыгын маалымдады.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!