ДКО: Кырчында "Гүлазык" сынагы өтүүдө

ДКО: Кырчында
4-Сен. 2018, Шейшемби, 14:56

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда “Гүлазык” сынагы өтүүдө.

Сынакка Кыргызстандын жети дубандан келгендер катышууда.

Калыстар тобу бардык ишти карап, аягында жеңүүчүнү аныкташат.

Айта кетсек, гүлазык – көпкө сакталып туруучу тамак. Гүлазык негизи уйдун, койдун, кийиктин этинен жана сүттөн даярдалат. Эт бышырылып, туурасынан жука кесилип, кургатылып, сокуга күл майда талкаланып, жаргылчакка тартьшат. Даярдалган эт сызгырылып, сызыгы таза алынган майга салынат да, ал кайнар замат ун кошулуп, кызарганча куурулат. Суугандан кийин жакшы иштелген ка­рынга салынат. Кыргыздагы курут дагы гүлазык тамактарына кирет. Илгери кыргыздар алыс жолго аттанганда гүлазык катары курутту дайыма пайдаланышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР