Президент Виктор Орбан менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү

Президент Виктор Орбан менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү
4-Сен. 2018, Шейшемби, 16:19

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстанга расмий визит менен келген Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков меймандос кыргыз жергесинде Виктор Орбан менен дагы бир жолу жылуу учурашып, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин Саммитине катышканы үчүн ага ыраазычылык билдирди.

Ал премьер-министр Виктор Орбандын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келгени анын кыргыз элине болгон жылуу жана боордоштук мамилесин күбөлөндүрүп турганын белгиледи.

Мамлекет башчысы Венгриянын премьер-министринин визити эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди бекемдеп, эки тараптуу мамилелердин илгерилешине жаңы дем берерин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, Виктор Орбан өзүнүн визитинин алкагында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин Чолпон-Ата шаарында өткөн Саммитинин жыйынына, ошондой эле «Кырчын» капчыгайында этношаарчанын ачылышына мартабалуу Ардактуу мейман катары катышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Колду дезинфекциялоочу каражаттар, суу же самын кайсынысын тандайсыз?
​Колду дезинфекциялоочу каражаттар, суу же самын кайсынысын тандайсыз?
Акча үчүн рингге чыккан 13 жаштагы бала каза болду
Акча үчүн рингге чыккан 13 жаштагы бала каза болду
“iPhone” смартфонуңуз жай иштеп жатабы?
“iPhone” смартфонуңуз жай иштеп жатабы?
​Текебаевдин ишиндеги негизги күбө Маевский камакка алынды
​Текебаевдин ишиндеги негизги күбө Маевский камакка алынды
Ильзат Ахметовго эми “Арсенал” клубу кызыгууда
Ильзат Ахметовго эми “Арсенал” клубу кызыгууда
 Болочок күйөөсүнүн акыркы каалоосун аткаруу үчүн кыз үлпөт көйнөгүн кийди
Болочок күйөөсүнүн акыркы каалоосун аткаруу үчүн кыз үлпөт көйнөгүн кийди
Ички иштер органдарынын  жетекчилери бирдиктүү жыйын өткөрүүдө (фото)
Ички иштер органдарынын жетекчилери бирдиктүү жыйын өткөрүүдө (фото)
Ички иштер министри Франциянын  элчиси Микаэль Ру  менен жолугушту
Ички иштер министри Франциянын элчиси Микаэль Ру менен жолугушту
Бир цифра менен 25 жыл лото ойноп 343 млн доллар утуп алды
Бир цифра менен 25 жыл лото ойноп 343 млн доллар утуп алды
17-ноябрь: Кыргызстандын аймактарында  күн ачык болот
17-ноябрь: Кыргызстандын аймактарында күн ачык болот
Бырыш кетирген сегиз түрдүү азык
Бырыш кетирген сегиз түрдүү азык
Чет өлкөлүк президенттер Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады
Чет өлкөлүк президенттер Жээнбековду 60 жылдык мааракеси менен куттуктады
Бишкекте улгайган аялдар кар үтүктөп жатат (видео)
Бишкекте улгайган аялдар кар үтүктөп жатат (видео)
“Такебай” тасмасы бай менен кедейдин тагдыр сыноосун көрсөтөт
“Такебай” тасмасы бай менен кедейдин тагдыр сыноосун көрсөтөт
Жээнбеков менен Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү
Жээнбеков менен Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү
​«Манчестер Юнайтед» 3 млрд еврого сатылабы?
​«Манчестер Юнайтед» 3 млрд еврого сатылабы?