Виктор Орбан Сооронбай Жээнбековду Венгрияга чакырды

Виктор Орбан Сооронбай Жээнбековду Венгрияга чакырды
4-Сен. 2018, Шейшемби, 17:27

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстанга расмий визит менен келген Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Венгрия премьер-министри Виктор Орбан визит учурунда ага көрсөтүлгөн урмат-сый үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бул дипломатиялык мамилелерди орноткондон берки Венгрия премьер-министринин Кыргызстанга алгачкы визити. Биз эки тараптуу достук мамилелерди тереңдетебиз. Экономика жана маданият тармактарында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн издеп жатабыз. Эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн мүмкүнчүлүк бар бардык чөйрөлөргө көңүл бурууга аракет кылабыз», — деп белгиледи Виктор Орбан.

Ал Венгрияда Кыргызстанды билишерин, белгилүү кыргыз жазуучуларынын чыгармалары менен таанышпыз, эмоционалдык жана интеллектуалдык көз караштарыбыз дал келет деди.

Венгриянын премьер-министри президент Сооронбай Жээнбековду Венгрияга визит менен келүүгө чакырды.

Виктор Орбан Кыргызстандык жаштар үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн стипендия квотасын көбөйтүүгө алар даяр экенин белгиледи. Азыр Венгрияда квота боюнча 25 студент окуп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков чет өлкөлүк инвесторлор үчүн Кыргызстанда берилген артыкчылыктар, ишкерлер үчүн берилген бажы жана салык жеңилдиктери тууралуу айтып берди.

Мамлекет башчысы жаштар — мамлекеттин келечеги экенин белгилеп, Виктор Орбандын бул чөйрөдө кызматташтык күчөтүү жөнүндө сунушун колдоду.

Сөзүнүн аягында Жээнбеков Венгрияга барарын баса белгилөө менен кыргызстандыктар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына венгриялык спортчулардын келгенин абдан жылуу кабыл алышканын айтты.

Эскерте кетсек, Виктор Орбан өзүнүн визитинин алкагында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин Чолпон-Ата шаарында өткөн Саммитинин жыйынына, ошондой эле «Кырчын» капчыгайында этношаарчанын ачылышына мартабалуу Ардактуу мейман катары катышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!