Кыргызстанга 65 млн долларга насыя линиясын ачышты

Кыргызстанга 65 млн долларга насыя линиясын ачышты
4-Сен. 2018, Шейшемби, 18:27

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 4-сентябрда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстанга расмий визит менен келген Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Тараптар эки өлкө үчүн тең кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кызматташтыкты жолго салуу тууралуу пикир алмашышты.

Биргелешкен экономикалык комиссия түзүүнү, соода, айыл чарбасы, экология, фармецевтика, инвестиция тартуу, билим берүү жана маданият жааттарындагы мамилелерди тереңдетүү сүйлөшүлдү.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү максатында Венгриянын «Эксимбанкы» Кыргызстан үчүн көлөмү 65 млн АКШ долларына барабар насыя линиясын ачканын баса белгиледи.

Эскерте кетсек, Виктор Орбан өзүнүн визитинин алкагында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин Чолпон-Ата шаарында өткөн саммитинин жыйынына, ошондой эле «Кырчын» капчыгайында этношаарчанын ачылышына мартабалуу Ардактуу мейман катары катышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!