Абылгазиев:"Биз салтты сактап калуубуз керек"

Абылгазиев:
5-Сен. 2018, Шаршемби, 10:02

«Заманбап дүйнөнүн келечеги – бул жогорку инновациялык технологиялардын жана ааламдык илимий жетишкендиктердин жыйындысы. Ушул сыяктуу жөнөкөй эмес шарттарда биз элдердин маданиятынын жана салт-санаасынын уникалдуулугун сактап калуубуз керек», – деди премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кечээ, 4-сентябрда, Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Номад» амфитеатрында өтүп жаткан «Көчмөндөр ааламы» этнофестивалынын ачылыш салтанатында. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы белгилегендей, меймандос кыргыз жергесинде үч күндөн бери жогорку коноктордун жана дүйнөнүн бүт булуң-бурчтарынан келген делегациялардын катышуусундагы ири масштабдагы иш-чаранын өтүшүнө жалпы коомчулук күбө болуп жатат.

«Кыргызстанда – көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде, жайкалган Кырчын жайлоосунда Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары ийгиликтүү, бүйүрдү кызыткан, бийик деңгээлде өтүп жатат. Эл аралык эксперттердин рейтинги боюнча, Кыргызстанда өтүп жаткан Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары – 2018-жылдын үч эң маанилүү окуяларынын катарына киргизилди. Дүйнөлүк коомчулукта мааниси жагынан уникалдуу жана популярдуу деп табылды. Бул Кыргызстан үчүн чоң сыймык. Муну менен катар иш-чаранын дүйнөлүк телеканалдардан, массалык-маалымат каражаттарынан кеңири жана түз берилип жаткандыгы кубандырып жатат. Көчмөндөр оюндары менен кошо биздин жергебизге, кутман элибизге кут түштү десек болот. Кыргыз жергесинин табияты, каада-салты, үрп-адаты, улуттук колорити менен дүйнө коомчулугу жакындан таанышууда», – деди Абылгазиев.

Өлкөнүн премьер-министри белгилегендей, «Көчмөндөр ааламы»этнофестивалынын ачылышы көчмөндөрдүн духу жана тарыхы менен жакындан таанышууга болгон ункалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат.

«Көчмөндөрдүн этномаданий салтын өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу аталган этнфестивалдын негизги максаты болуп саналат. Ар бир маданият – өз алдынча кайталангыс жана уникалдуу. Ар-кыл маданияттын жуурулушу бири-бирине жагымдуу таасирин тийгизип, аны байытууга өз салымын кошот», – деди премьер-министр.

Өкмөт башчы белгилегендей, “Көчмөндөр ааламы” этнофестивалынын алкагында алтай, монгол, тыва элдеринин муундан муунга берилип келе жаткан элдик оозеки чыгармалары менен таанышуу мүмкүнчүлүгү болот.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!