Абылгазиев Кырчын этношаарчасына барды

Абылгазиев Кырчын этношаарчасына барды
5-Сен. 2018, Шаршемби, 13:28

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кырчын этношаарчасына барды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөт башчы өлкөнүн бардык жети облусу, Бишкек жана Ош шаарлары, чет элдик делегациялар, ошондой эле республиканын ар түрдүү чыгармачыл жамааттары тарабынан даярдалган боз үй шаарчасын көрүп чыкты.

Абылгазиев капчыгайда боз үй тиккен этношаарчанын уюштуруучулары, өз продукцияларын сунуштаган кол өнөрчүлөр, ыктыярчылар, ошондой эле туристтер жана Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын коноктору менен баарлашты.

Өкмөт башчы республиканын миңдеген меймандары күбө болгон – бул кеңири масштабдуу окуяга катышуулары үчүн бардыгына чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

"Биз бүт дүйнөгө ушундай иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрө аларыбызды көрсөттүк. Биз өз элибиздин бай тарыхы, маданияты жана жашоо-тиричилиги жөнүндө татыктуу көрсөтүп жана айтып бере алдык. Бул силер сыяктуу адамдардын эмгеги менен ишке ашты. Элибиздин ынтымагы жана биримдиги менен жетиштик!", – деди Абылгазиев.

Ошондой эле Премьер-министр төкмө акындардын концертинде, этношаарчанын дипломатиялык шаарчасында болду, мында ар башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү өз маданиятынын жана тиричилигинин элементтерин көрсөтүштү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!