“Полюс Голд Кей Джи” компаниясына айып салынды

“Полюс Голд Кей Джи” компаниясына айып салынды
5-Сен. 2018, Шаршемби, 15:18

Мамэкотехинспекциянын Талас региондор аралык башкармалыгы тарабынан геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан ЖЧК “Полюс Голд Кей Джи” компаниясына айып салынды. Бул тууралуу аталган инспекциянын басма сөз кызматы кабарлады.

Такталган маалыматтар боюнча, Мамэкотехинспекциянын Талас региондор аралык башкармалыгына Бакай Ата райондук мамлекеттик администрациясынан “Полюс Голд Кей Джи” ЖЧКнын ишмердүүлүгү боюнча кайрылуу келип түшкөн. Кайрылуунун негизинде жүргүзүлгөн текшерүүдө инспекторлор бир нече экологиялык жана техникалык мыйзам бузууларды аныкташкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган компанияга бадал-теректерди кыйгандыгы үчүн 50 355 сом жана 11 547 кв.м жер кыртышын бузуп, жаратылышка келтирилген зыяндуулука 17 320 сом доо коюлуп, тийиштүү акты, протоколдор толтурулду.


Ошондой эле, эмгекти коргоо жана эмгек мамилелери боюнча кемчиликтер аныкталып, аталган ишкананын директорунун орун басарына коопсуздук техникасынын эрежелери сакталбагандыгы үчүн 7 500 сом жана Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 184-беренесе ылайык “Полюс Голд Кей Джи” 18 миң сом өлчөмүндөгү айыптар салынды.

Мамэкотехинспекциянын адистери “Полюс Голд Кей Джи” ЖЧКна мыйзам чегинде иш алып баруу жана аныкталган кемчиликтерди кыска мөөнөт ичинде жоюу талабын коюшту.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!