ЖЭБ: химиялык цехтеги жабдыктардын 90 пайызы орнотулду

ЖЭБ: химиялык цехтеги жабдыктардын 90 пайызы орнотулду
5-Сен. 2018, Шаршемби, 17:17

Бишкектин Жылуулук электр борборундагы жаңы курулуп жаткан химиялык цехтеги жабдыктардын 90 пайызы орнотулуп бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 5- сентябарда «Электр станциялары» ишканасынан басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

Анын айтымына караганда, курулуп жаткан химиялык цех белгиленген мөөнөтүнөн мурда 1-октябрга чейин курулуп бүтөт. Курулуш иштерин «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорунун алкагында ТВЕА компаниясы жүргүзүүдө.

«Учурда Бишкек ЖЭБиндеги химиялык цехтеги жабдыктардын 90 пайызы орнотулду. Мындан башка дубалдарды кыш жана бетон менен тургузуу иштеринин 70 пайызы, суу сакталуучу ири бактарды орнотуу иштеринин 40 пайызы аягына чыкты»,- дейт Айдаралиева.

Белгилей кетсек, 2013-жылы Бишкек ЖЭБин модернизациялоо үчүн Кыргызстан Кытайдын “Эксимбанкынан” 386 миллион доллар насыя алууну макулдашып, ал каражаттын 360 миллион 445 миңи иштетилген. Макулдашууга ылайык, дагы 19 миллион 300 миң доллары кемчиликтерди оңдош үчүн кепилдик төлөмү катары көрсөтүлгөн. Ал эми калган 6 миллион долларга жаңы химиялык блок курулмак.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!