Кырчын: уурулук фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Кырчын: уурулук фактысы боюнча кылмыш иши козголду
6-Сен. 2018, Бейшемби, 10:06

Кырчын жайлоосунда катталган уурулук фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Анда айтылгандай, тажрыйбалуу кызматкерлерден турган ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөрдүн өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүүдө.
Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголду. Кырчын жайлоосунда жасалган уурулук фактысы коргоолууда эмес жайда болгон. Этношаарчага оюн-зоокторду көрүүгө кетишкенде, боз үйдө калган баалуу буюмдары уурдалган.
ИИМдин жетекчилиги Уулу Британиянын элчилигинин буюмдарын уурдашкан фактыны иликтөөнү жеке көзөмөлүнө алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!