Бажы кызматынын мурунку төрагасына издөө жарыяланды

Бажы кызматынын мурунку төрагасына издөө жарыяланды
6-Сен. 2018, Бейшемби, 14:28

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) 2013-жылдан 2016-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы кызмат ордун ээлеп туруп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуп, “А.” ЖЧКнын өкүлдөрү жана Мамлекеттик бажы кызматынын башка кызмат адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштурган Жунусов Адамкул Орокеевичке 2018-жылдын 28-августунда издөө жарыяланганын маалымдады.

ЭККМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, А. Жунусов өзүнүн бийликтик ыйгарым укугун пайдалануу менен “А.” ЖЧКга идентификациянын туура эмес ыкмасын колдонуп, бажы аймактарын кайра иштеп чыгууга уруксат алууга көмөк көрсөткөн, мунун натыйжасында аталган бюджетке төлөнө турган төлөмдөр боюнча бажылык өзгөчө жеңилдиктерди алган. Бирок, бул ЖЧК ташып киргизген товарлар “Импорт 40” режиминде жалпы негиздерде таризделиши керек болчу.
Ошентип, Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 166 миллион сомдон (166 971 821,25 сомдон) көп өлчөмдө бюджетке түшпөй калган милдеттүү бажы төлөмдөрү түрүндө материалдык зыян келтирилген.


Азыркы убакта А.Жунусов тергөө органдарынан жашынып, тергөө ишин объективдүү жүргүзүүгө тоскоолдук кылып жатат, ошондой эле ал кылган кылмыш өзгөчө оор кылмыштын түрүнө кирет.


Эскерте кетсек, 18-августта Жунусовго Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинде каралган кылмыштарды кылды деп сырттан айып тагылган жана 28-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан камакка алуу баш коргоо чарасы тандалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!