Вивиен Стерн ДКО жогорку деӊгээлде уюштурулганын айтты

Вивиен Стерн ДКО жогорку деӊгээлде уюштурулганын айтты
6-Сен. 2018, Бейшемби, 16:07

Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары Асел Кодуранова Улуу Британия Парламентинин Лорддор палатасынын депутаты, баронесса Вивиен Стерн менен жолугушуп, эки өлкөнүн парламенттер аралык байланышын андар ары чыӊдоо жаатында пикир алышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууга кыргыз тараптан депутат Наталья Никитенко менен Улуу Британиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Робин Орд-Смит катышты.

Вице-спикер Асел Кодуранова ушул тапта Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы саясий, экономикалык, соода-сатык кызматташтыгы жигердүү өнүгүп жатканын белгилөө менен бирге, маданий байланыштарга да көӊүл буруу зарылдыгын белгилеп, баронесса Вивиен Стернге Кыргызстандын пенитенциардык тутумуна жакындан колдоо көрсөтүп келатканы үчүн ыраазычылык билдирди. «Азыр өлкөнүн түрмө тутумунда кыйла өзгөрүүлөр болуп, андагы адамдарды кармоо шарты жакшырды», - деди депутат.

Ал эми баронесса Вивиен Стерн азыркы учурда жүрүп жаткан III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну жогорку деӊгээлде уюштурулганына өзү күбө болгонун, ага Улуу Британиянын өкүлдөрү алгачкы жолу катышып жатканын айтты. «Дүйнөлүк көчмөндөр оюну көп өлкөлөрдөн келген меймандардын Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышы менен таанышуусуна жакшы шарт түздү. Мен бул эл аралык иш-чаранын ачылышына катышканыма сыймыктанам», - деди ал.

Андан тышкары, баронесса Улуу Британия Кыргызстан менен кызматташтык мамилелерин чыӊдоого, анын ичинде парламенттер аралык байланыштарды кеӊейтүүгө кызыкдар экенин, ага ушул жылдын декабрь айында боло турган кыргыз парламентинин делегациясынын Улуу Британияга жасай турган иш сапары түркү берерин белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
ИИМ эскертет: Чагымчыл материал жайылткандар жоопкерчиликке тартылат
ИИМ эскертет: Чагымчыл материал жайылткандар жоопкерчиликке тартылат
Баш кийимди беттин формасына карай тандаңыз!
Баш кийимди беттин формасына карай тандаңыз!
Депозиттерди коргоо агенттигинин директору дайындалды
Депозиттерди коргоо агенттигинин директору дайындалды
Бала бакчада катталган окуя боюнча, тарбиячы жумуштан алынды (видео)
Бала бакчада катталган окуя боюнча, тарбиячы жумуштан алынды (видео)
​Ош мэриясы:
​Ош мэриясы: "Сарыбашов Россиянын жараны эмес"
Шабдан Болотбеков “Чыпалак баатырды” реклама кылууда
Шабдан Болотбеков “Чыпалак баатырды” реклама кылууда
Аскерлер чек ара бузгандарды атабы?
Аскерлер чек ара бузгандарды атабы?
“Апалар,  сураныч, тойдо бийлебей эле койгулачы...” деп суранышты
“Апалар, сураныч, тойдо бийлебей эле койгулачы...” деп суранышты
Россиянын Аскердик чалгын кызматынын жетекчиси дүйнөдөн кайтты
Россиянын Аскердик чалгын кызматынын жетекчиси дүйнөдөн кайтты
Асел Турдалиеванын концерти башкаларга сабак болоор
Асел Турдалиеванын концерти башкаларга сабак болоор
​Усэйн Болт футболдон үмүтүн үздү
​Усэйн Болт футболдон үмүтүн үздү
Бийчи Атай Өмүрзаковду кимдер коркутуп жатат?
Бийчи Атай Өмүрзаковду кимдер коркутуп жатат?
​Кыргызстандын волейбол боюнча курамы дүйнөлүк рейтинге чыкты.
​Кыргызстандын волейбол боюнча курамы дүйнөлүк рейтинге чыкты.
 “Мен Тянь-Шань” – “Делбирим”  тасмаларында кандай айырмачылык болот?
“Мен Тянь-Шань” – “Делбирим” тасмаларында кандай айырмачылык болот?
Кайсы ыкмада уктоо ден-соолукка зыян?
Кайсы ыкмада уктоо ден-соолукка зыян?
"Вечерний Бишкек" басма үйүнүн кожоюну Рябушкин камакка алынды