Исхак Пирматов Германиянын депутаты менен жолугушту

Исхак Пирматов Германиянын депутаты менен жолугушту
6-Сен. 2018, Бейшемби, 17:47

Бүгүн, 6-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Пирматов Германиянын Бундестагынын депутаты, “Германия – Борбор Азия” парламенттер аралык тобунун жетекчисинин орун басары Андре Хан менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш-чарага Германиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Моника Иверсен катышты.

Комитет төрагасы Исхак Пирматов Бундестаг депутатынын Ысык-Көлдө өтүп жаткан Ш Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын барып көргөндүгүн кубаттап: “Германия – биздин маанилүү өнөктөшүбүз. Биздин кызматташуубуз көп багыттуу. Ошондой эле парламенттер аралык байланыштарыбыз ийгиликтүү өнүгүүдө. Ал эми достук топторубуз болсо жигердүү иш алпарып жатат. Бизге сиздердин демократиялык өнүгүү боюнча тажрыйбаңыздар керек”,- дейт. Ошону менен катар Пирматов Германиянын билим берүү, маданият жаатындагы долбоорлоруна ыраазычылыгын билдирип, алардын аркасында Кыргызстандын студенттери Германия ЖОЖдорунан окууга мүмкүнчүлүк алып жатышкандыгын кошумчалады.

Германия Бундестагынын депутаты Андре Хан кыргыз тарапка Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. “Мен бир нече ай мурун “Германия – Борбор Азия” парламенттер аралык тобунун жетекчисинин орун басары болуп шайлангам. Кыргызстан менин бул кызмат ордумда турганымда барган биринчи өлкө болуп саналат. Бир катар жолугушууларды өткөрүүгө үлгүрдүм, бирок мен үчүн кыргыз парламентиндеги расмий жолугушуу өтө маанилүү”,- дейт ал. Андре Хан парламенттик демократияны куруу татаал, бирок келечектүү жол экенин айтып, бул жолду басып өтүүдө Кыргызстанга ийгиликтерди каалады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!