Жээнбеков Японияга ыраазычылык билдирди

Жээнбеков Японияга ыраазычылык билдирди
7-Сен. 2018, Жума, 10:02

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 6-сентябрда Япониянын Парламенттик достук лигасынын лидери Ген Накатанини кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

«Эки тараптуу ар кандай деңгээлде жана ар түрдүү эл аралык аянтчаларда кызматташтыгыбыз жыл санап өнүгүп жатат»,-деп белгиледи Жээнбеков жана мамлекеттердин ортосундагы дипломатиялык мамилелер орнотулган 26 жыл ичинде бир кыйла ийгиликтерге чогуу жетише алганын кошумчалады.

Ал Япония тарабынан берилип жаткан жардам үчүн ыраазычылыгын билдирип, Япониянын премьер-министри Синдзо Абэге эң жакшы каалоолорду жолдоп, аны менен Нью-Йорк шаарында БУУнун саммитинин алкагында эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу үчүн жолугушууга кызыкдар экенин белгиледи.

Президент Япониядагы адамдардын курмандыгына алып келген акыркы кайгылуу окуяларга байланыштуу көңүл айтып, жаракат алгандардын тез сакайып кетүүсүн каалады.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Борбор Азия регионундагы парламенттик республика экенин жана мындан ары да Кыргызстанда парламентаризм институттарын бекемдөөнү көздөгөнүн белгиледи.

Буга байланыштуу ал Япониянын парламентаризм чөйрөсүндөгү бай тажрыйбасын үйрөнүү Кыргызстандын парламентарийлери үчүн абдан пайдалуу болоорун белгилеп, парламенттик демократияны өнүктүрүүгө, парламенттик жана президенттик ачык шайлоолорду өткөрүүгө Япония тарабынан көрсөтүлгөн чоӊ колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Соода-экономикалык кызматташтык тууралуу айтып келип, президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Айта кетсек, 5-сентябрда Япониянын түндүгүндөгү Хоккайдо аралында күчү 6,7 баллга жеткен катуу жер титирөө катталган. Кырсыктын кесепетинен 16 адам каза болуп, 26 адамдын дайыны белгисиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!