Президент Уланбек Рыскуловду ээлеген кызматынан бошотту

Президент Уланбек Рыскуловду ээлеген кызматынан бошотту
7-Сен. 2018, Жума, 10:52

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда президенттик аппараттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!